icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад облусунда жалпы 16 соцобъект пайдаланууга берилди

Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Мамкурулуш агенттиги тарабынан Жалал-Абад облусу боюнча 6 мектеп, 7 бала бакча, 3 спорт комплекстин онлайн ачылыш аземи болуп өттү.

Алар: 

• Аксы районунун Мундуз айылындагы  №22 С.Жээнбаев атындагы 225 орундуу мектеп; 

• Базар-Коргон районунун Коткор айылындагы 50 орундуу бала бакча;

• Ноокен районунун Достук айылындагы №21 Фурхат атындагы 275 орундуу мектеп; 

• Ноокен районунун Масы айылындагы 50 орундуу бала бакча; 

• Ноокен районунун Кокондук айылындагы № 39 мектепке спорт комплекс;

• Сузак районунун Масадан айылындагы №44 Фурхат атындагы 624 орундуу мектеп;

• Сузак районунун Жаны-Айыл айылындагы №87 "Келечек" мектебине спорттук комплекс; 

• Сузак районунун Жерге-Тал айылындагы №11 М.Орозалиева атындагы мектепке спорттук зал; 

• Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы К. Сартбаев атындагы мектептин аймагында  бала бакча;

• Сузак районунун Кара-Алма айылынын Сай аймагындагы 40 орундуу бала бакча; 

• Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы 40 орундуу бала бакча;

• Сузак районунун Бостон айылындагы 40 орундуу бала бакча; 

• Сузак районунун Жаңы-Ачы айылындагы 40 орундуу бала бакча; 

• Сузак районунун Ынтымак айылындагы М. Торомаматов атындагы 500 орундуу мектеп; 

• Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы Үрүстөнбек уулу Бейше атындагы 225 орундуу мектеп;

• Кара-Көл шаарындагы №4 Д.Шопоков атындагы 620 орундуу мектеби пайдаланууга берилди.